Марал Радиосу

Президент Талас облусуна барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Талас облусуна жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.

Мамлекет башчы Талас шаарынын аэропортунун жана облустук ИИБнин имаратынын ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле «Бала-Саруу» ГЭСинин ачылышы болот. Ал УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.