Марал Радиосу

Акылбек Жапаров Нарында курулуш долбоорлору менен таанышты

Бүгүн 19-майда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кочкор айылындагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулуш долбоорлору менен таанышты.

Министрлер кабинетинин төрагасына 2024-жылга Нарын облусунда пландалып башталган объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча маалымат берилди. Планга жалпысынан 64 объект киргизилген.

Анда жаңы автобекет, көпүрө, мектеп, турак-жай комплекси, спорт комплекси, мал базар куруу жана жолдорду реконструкциялоо боюнча пландар презентацияланды.

Exit mobile version