Марал Радиосу

Исламабаддагы кыргыз элчилигинин астында нааразычылык акциясы өттү

Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин астында нааразычылык акциясы өттү.

Акцияга катышкандар Исламабадда Кыргызстандын элчилиги жайгашкан жерде топтолуп, Бишкекте пакистандык студенттердин сабалышы боюнча нааразычылыктарын билдиришти.

Алар чет элдик студенттерге карата жаалданган топтун күч колдонушун, ошондой эле пакистандык айрым студенттердин ур-токмокко катышканын айыптады.

Кыргыз элчилигинин айланасындагы коопсуздукту полиция камсыздаган. Ушундай эле нааразычылык акциясы Пакистандын Карачи шаарында да болуп өткөн. Алар да ур-токмокко кабылган пакистандык студенттердин укугу адилеттүү корголуусун жана бул ишке тиешелүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

Exit mobile version