Марал Радиосу

Жаштарды баңгизатсыз жашоого үндөгөн жөө жүрүш (сүрөт)

Бишкекте кечээ, 18-майда «Баңгизатсыз жашоо, коопсуз келечек» аталышындагы жөө жүрүү акциясы болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, окуучулар, студенттер жана шаар тургундары катышты. Атай кетсек жөө жүрүү акциясы Улуттук коопсуздук кызматы жана Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулган. Негизги максаты акыркы жылдары жаштар арасында жайылып бара жаткан баңгизаттарды колдонбоого чакыруу жана калкты сергек жашоого үндөө.

Жөө жүрүшкө катышкан Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачёва учурда баңгизаттарды колдонуунун алдын алууга басым жасалып жатканын айтат.

«Профилактикага багытталган чечимдерди иштеп чыгуу боюнча тегерек столдор өткөрүлүп жатат. Мектептерде класстык сааттар өтүп, атайын адистер келип наркозаттардын кесепти тууралуу айтып беришет. Ал арада ИИМ менен иштешип, биргеликте түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө. Шаардын бардык мектептеринде, айрыкча 6-11 класстын окуучулары менен тыгыз иштешип түшүндүрүү иштерин жүргүздүк».

Бүгүнкү күндө негизги коркунуч жаштардын синтетикалык каражаттарды колдонуусу болуп жатат. Буга байланыштуу 2021-жылы синтетикалык каражаттарга каршы атайын башкармалык түзүлүп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиевдин айтымында, жаштар арасында баңгизаттарга көз карандылык көбөйгөн.

«Ар кандай баңгизаттардын көбөйүшү жаштарды жеңил ойлуулукка чакырып, барган сайын көз каранды болуп калуучу көйгөйгө айланды. Себеби мындай терс иш-аракеттер акыр аягы өтө коркунучтуу жыйынтыкка алып келип жатат. Эгер биз буга каршы чара көрбөсөк өлкөнүн келечегин жакшы багытта өнүктүрүү кыйын. Бул жагдайда баарыбыз чогу күрөшүүбүз абзел».

Өлкө сыймыгы болгон балбандар да келип, жаштарга акыл насааттарын айтышты. Азиянын 6 жолку чемпиону, балбан Айсулуу Тыныбекова да аталган жөө жүрүшкө катышып, жаштарды сергек жашоого үндөдү.

«Ар бир жаран өз жашоосуна жоопкерчилик менен карап, туура жолду тандоосу абзел. Жаман заттарды колдонуу аркылуу ден соолуктан ажырап калуу, жакын адамдардын сый мамилесинен чыгып жана өз өмүрү менен коштошуп калган учурлар да жок эмес. Ар бир жаш жеткинчек туура жолду тандоосуна ишенем».

Балбан Айпери Медет кызы да жөө жүрүш акциясын колдоду.

«Азыркы учурда спорт менен машыгып дени сак болуу — мода деп айтсам болот. Өсүп келе жаткан жаштарга айтарым, дени сак улут күчтүү мамлекет дегендей, күчтүү мамлекетти куруу үчүн, эл жер үчүн баарыбыз аракет кылалы».

Ошондой эле жөө жүрүшкө келгендерге суулар таратылып, ырчылар концерт тартуулашты.