Марал Радиосу

Бишкектеги мушташ: Экс-муфтий кызуу кандуулукка алдырбоого чакырды

Кыргызстандын экс-муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкектеги мушташта кызуу кандуулукка алдырбоого чакырды.

Бул тууралуу ал бир топ адам чогулган жерде айтты. Видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Ал чагымчылдыкка алдырып, билип-билбей бейкүнөө адамдарга зыян келтирбөөгө чакырды.

Бишкекте 18-майга караган түнү чет элдиктердин катышуусунда массалык мушташ чыккан. Укук коргоо органдары учурда териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.