Марал Радиосу

ТИМдин орун басары Пакистандын элчиси менен сүйлөштү

18-майда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Пакистан тарапка чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуя жана Кыргызстадын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле, кыргыз тарап окуя тууралуу Пакистандын элчисине тастыкталбаган маалыматтарды таратпоо боюнча пакистандык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды.

Министрдин орун басары Пакистандын элчисине кырдаал Кыргызстандын компетенттүү органдарынын көзөмөлүндө экенине ишендирди.