Марал Радиосу

Свердлов округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

Президент Садыр Жапаров № 29 Свердлов бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү боюнча Жарлык чыгарды.

Ага ылайык, Свердлов округу боюнча шайлоо 30-июнга белгиленди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-майда президентке Бишкектеги №29 Свердлов бир мандаттуу округунда кайра шайлоо өткөрүүнү сунуштаган.

2022-жылы ушул округда өткөн шайлоодо талапкер болгон Абдурахманхажи Муртазалиев БШКнын чечимине нааразы болуп, президентти кайра шайлоо дайындоодон баш тартууга чакырган кайрылуусу 16-майда жарыяланды.

БШК 7-майдагы отурумунда ушул округдан депутат болгон Шайлообек Атазовду мандатынан ажыраткан.

Ага чейин Жогорку сот Боршайкомдун талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу тууралуу чечимин жокко чыгарган. Ошондой эле Шайлообек Атазовду депутат деп таануу тууралуу чечим жокко чыгарылган.

Шайлообек Атазов Жогорку Кеңешке 2022-жылы Свердлов районунан депутат болуп шайланган. Шайлоонун жыйынтыгында аталган округ боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев алдыда келе жаткан, бирок добуштарды сатып алуу фактысынан улам анын каттоосу жокко чыгарылган.

Кыргызстанда 30-июнда Ноокат жана Ысык-Көл округдарында да мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Exit mobile version