Марал Радиосу

Чойбековдун мандаты боюнча талаш. БШК Жогорку Сотко кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Бишкектин административдик соту жана шаардык сот чыгарган чечимдерге каршы Жогорку Сотко даттанды.

Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Бишкектин Административдик соту Таластагы эки жыл мурдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, депутаттыкка талапкер Эмилбек Абдыкадыровдун арызын канааттандырганы кабарланган.

Бишкек шаардык соту административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.

22-февралда Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров талапкер Бактыбек Чойбеков боюнча шайлоонун жыйынтыгын карап чыгып, жараксыз деп табуу өтүнүчү менен БШКга кайрылган. Ал Бактыбек Чойбековго карата шайлоо учурунда добуштарды сатып алуу фактылары болгонун белгилеген.

Эмилбек Абдыкадыров 2021-жылы Талас облусу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Бирок көп добушка Бактыбек Чойбеков ээ болгон — 34,65 пайыз. Учурда ал парламентте депутат.

Exit mobile version