Марал Радиосу

Өзбекстанда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы белгиленди

Өзбекстандын Жизак облусундагы Манас айылында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы белгиленди.

Иш-чара аталган айылдагы №5 мектепте өтүп, ага Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев катышты.

Өз сөзүндө элчи бардык катышуучуларды Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы менен куттуктап, тарыхый жана маданий мурастарды сактоодо билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи ошондой эле билим уясына кыргыздын улуттук аспабы болгон комузду тапшырды.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана айыл өкмөттүн кызматкерлеринин ортосундагы футбол боюнча жолдоштук беттеш өткөрүлдү.