Марал Радиосу

Жогорку Кеңеште сүттүн баасына байланыштуу маселе дагы көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин 15-майдагы жыйынында сүттүн баасына байланыштуу маселе көтөрүлдү.

Депутат Акылбек Түмөнбаев күндөн-күнгө сүттүн баасы түшүп, эл нааразылыкка чыгып жатканын айтты. Ал өкмөттүн сүттүн баасы 40 сомдон кем болбосун токтому аткарылбай жатканын билдирди.

«Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Чүйдүн Сокулук районунда митинг болуп жатат. Өкмөт сүттүн бааларын кантип жөнгө салып жатат, Антимонополия парламентке келип, маалымат берсин» , — деди депутат.

Ушундай эле маселени башка депутаттар Аманкан Кенжебаев, Марат Мураталиев да көтөрдү.

Март айында сүттүн баасы аймактарда 25-29 сомго түшкөнү, бирок дүкөндөрдө баа жогору экени айтылган.  Жогорку Кеңеш 2-мартта токтом кабыл алып, бир литр сүттүн наркы 40 сомдон кем болбошу керектигин бекитип берген.