Марал Радиосу

Игорь Чудиновду кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыкты

Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.

Президент Садыр Жапаров  Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” ААК дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйругун жокко чыгарып, министрге ушундай чечи кабыл алууда мамлекет башчысына маалымат бербегендиги үчүн эскертүү берди.

Энергетика министринин башка буйругу менен аталган ишкананын башкы адиси Равшанбек Касымов “Курулуп жаткан электр станциялар” ААК дирекциясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп  дайындалды.

14-майда мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов «Электр станцияларын куруу дирекциясынын» башчысы болуп дайындалганын Энергетика министрлиги билдирген.

Чудинов бул кызматка «энергетика тармагындагы тажрыйбасын эске алуу менен» дайындалганы айтылган.

Министрлер кабинети 2023-жылы «Электр станцияларын куруу дирекциясын» түзгөн. Ачык акционердик коомдун уставдык капиталы 35 млн сом өлчөмүндө аныкталган.

Игорь Чудинов 2007-2009-жылдары премьер-министр болгон, ошондой эле 2005-2007-жылдары өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри болгон.

2010-жылы Апрель окуясынан кийин «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде, камакка алынган. 2010-жылдын 12-августунда тил кат менен бошотулган.

2015-жылы Жогорку Кеңешке “Бир бол” партиясынан депутат болуп шайланып келген.

2017-жылы 19-декабрда Чудинов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп табылып, ири өлчөмдөгү акчалай айыпка кесилген.

2018-жылы 14-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Игорь Чудиновдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.