Марал Радиосу

Игорь Чудинов «Электр станцияларын куруу дирекциясына» жетекчи болду

Мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов «Электр станцияларын куруу дирекциясынын» башчысы болуп дайындалды.

Мындай чечим компаниянын директорлор кеңешинин 6-майдагы протоколуна ылайык кабыл алынганын Энергетика министрлиги тастыктады.

Чудинов бул кызматка «энергетика тармагындагы тажрыйбасын эске алуу менен» дайындалган.

Министрлер кабинети 2023-жылы «Электр станцияларын куруу дирекциясын» түзгөн. Ачык акционердик коомдун уставдык капиталы 35 млн сом өлчөмүндө аныкталган.

Игорь Чудинов 2007-2009-жылдары премьер-министр болгон, ошондой эле 2005-2007-жылдары өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри болгон.

2010-жылы Апрель окуясынан кийин «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде, камакка алынган. 2010-жылдын 12-августунда тил кат менен бошотулган.

2015-жылы Жогорку Кеңешке “Бир бол” партиясынан депутат болуп шайланып келген.

2017-жылы 19-декабрда Чудинов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп табылып, ири өлчөмдөгү акчалай айыпка кесилген.

2018-жылы 14-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Игорь Чудиновдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Exit mobile version