Мэрия кийинки жумада Ататүрк паркындагы үйлөрдү бузарын айтты
Калаа башчысы Айбек Джунушалиев бүгүн атайын жыйын өткөрүп, сотко доо арыз менен кайрылууга тапшырма берди. Парктын аймагындагы объектилерди бузуу иштери 20-майга пландаштырылган.
Мэр мурда курулушка берилип кеткен 43 гектар жерди кайтарууну көздөп жатат.