Марал Радиосу

«Манас» аэропортунда ички каттамдар үчүн жүргүнчүлөрдү каттоо 2-кабатта жүргүзүлөт

«Манас» эл аралык аэропортунда ички каттамдар үчүн жүргүнчүлөрдү каттоо аймагы убактылуу экинчи кабатка көчүрүлдү. Бул тууралуу аэропорттон кабарлашты.

Учурда аба майданда жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында, жергиликтүү учуу залынын жана катталуу аймагында кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу жергиликтүү каттамдарга жүргүнчүлөрдү каттоо экинчи кабатта жүргүзүлөт.

Жүргүнчүлөр каттоодон өткөндөн кийин ички каттамдар үчүн конуу зонасы жайгашкан сектордун биринчи кабатына түшөт. Ал жерден учуу алдындагы текшерүүдөн өткөн соң учакка отурушат.

«Ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрүнүн жүктөрү С секторунда (эл аралык авиакомпаниялар үчүн багажды кабыл алуу залында) берилет», — деп айтылат маалыматта.