Марал Радиосу

Бишкекте «Ден соолук жана биримдик» марафону өтөт

18-майда Бишкек шаарында Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы «Ден соолук жана биримдик» аталышында жаштар профсоюздук марафонун өткөрөт.

Спорттук иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналат. Марафонго 700дөн ашык адам катышат.

Максаты, спортту, сергек жашоо образын жайылтуу болуп эсептелет.

Жарыштын алкагында Чолпон-Ата көчөсү Анкара көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин 5 чакырым аралыкта бардык катышуучулар үчүн аралык каралган. Жарыш саат 9:30да Чокан Валиханов көчөсү 2/14, «Аю Гранд»соода борборунун багыты боюнча башталат.

Жарыштын бардык катышуучулары эстелик медалдар жана белектер менен сыйланат.