Марал Радиосу

Ооганстандагы суу ташкындарынан каза тапкандардын саны 300дөн ашты

Ооганстандын түндүк-чыгышында катуу жааган жамгырдан улам каза тапкандардын саны 300дөн ашты. Өлкөнү учурда башкарып жаткан «Талибан» кыймылынын маалыматтарына караганда, 12-майга карата каза тапкандардын саны 315ке жеткен. Ал эми жабыркагандар саны 1600.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, катуу жааган жаандан улам 10-майда өлкөнүн бир канча облусунда суу ташкындары пайда болгон. Эң көп Баглан, Тахар жана Бадахшан аймактары жабыркаган.

БУУнун маалыматында суу ташкындарынан улам 1000ден ашык турак-жай кыйрап калган. Ошондой эле жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирүүчү негизги жолдорду да сел алып кеткен учурлар бар.

Апрель айында да Ооганстанда жаанчыл аба ырайынан улам сел, суу ташкындары катталып, 70тей адамдын өмүрүн алган.

Exit mobile version