Марал Радиосу

Энергетика министрлигине атайын техникалар тапшырылды

Энергетика министрлигине 33 даана атайын техника тапшырылды. Анын 28и бригадалык унаа, үчөө жеңил унаа жана эки даана экскаватор. Бул техникалар үчүн 86 млн сомдон ашуун каражат жумшалганын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

Жапаров акыркы жылдары мамлекеттик органдарда рефомалар жүргүзүлүп, техникалык базасы жаңыртылып жатканын белгиледи.

Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоор башталганын, чакан ГЭСтер салынып жатканын, жакында Бала-Саруу ГЭСи ишке кирерин айтты.