Марал Радиосу

Бишкекте мектеп окуучулары арасында роботтордун фестивалы өттү (сүрөт)

Бишкекте United world international school мектебинде роботехника боюнча мектеп окуучулары арасында Ismart фестивалы болуп өттү. Фестивалды «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси уюштурду.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси уюштурган фестивалга Кыргызстандын булуң-бурчунан 230 окуучудан турган 137 команда катышты.

Катышуучулар 11 категория боюнча жарышты. Анда сумо, роботтор жарышы, дрондордун таймашы, Голдберг кубогу, дрон-рейсинг, лайнфолловер, кегель ринг, майло чогултуу категорияларынан сырткары кыргыз улуттук оюндарын чагылдырган көк бөрү жана аркан тартыш боюнча дагы роботтордун беттеши орун алды.

Ismart фестивалы 2014-жылдан 2019-жылга чейин үзгүлтүксүз өткөрүлүп келген. Пандемияга байланыштуу убактылуу токтотулган, мындан ары жыл сайын болоорун уюштуруучулар билдирди.