Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды.
Кыргызстандык балбан Түркияда өткөн лицензиялык акыркы турнирде 125 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.
Ямайкалык жана өзбекстандык балбандарды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалда Венгриялык атаандашы менен беттешти.
Айаал Лазарев кайрадан мөөнөтүнөн мурда 12:2 эсебинде жеңишке жетти. Ал финалга чыгып, Парижде Олимпиада оюндарына лицензия алды.
Ага чейин кыргызстандык дагы бир балбан Үзүр Жусупбеков быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган.
Жалпысынан Кыргызстандын эсебинде Олимпиадага 10 лицензия бар. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев лиценция алышкан. Ошондой эле суучул Денис Петрашов Олимпиадага катышууга укук алган.