Марал Радиосу

Жыл башынан бери жол эрежесин бузуудан мамлекетке 170 млн сом өндүрүлгөн

Жыл башынын тартып, өлкө аймагында 372миң 246 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, мамлекеттик буджетке 170 млн 075миң 395сом өндүрүлгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, анын ичинен:

-Мас абалында унаа башкарган 4миң 836 айдоочу;

-Автоээнбаштык жасаган 143 айдоочу;

-Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 5миң 807 айдоочу;

-Жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар 21миң 330 факты;

-Терезелерин караңгылаткан 1044 айдоочу;

-Жол белгилерине баш ийбеген 189миң 323 айдоочу;

-Башка жол эрежелерин бузган 54миң 936 айдоочу.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 31миң 690 унаа айып короо жайына токтотулган.