Марал Радиосу

Аба ырайы: 8-майда күн ачык болот

Кыргызгидромет билдиргендей, 8-майда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12… + 17, күндүз + 25… +30,

Талас облусунда түнкүсүн +9… + 14, күндүз +23… +28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13… +18, күндүз +26… +31,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6… +11, күндүз +20… +25,

Нарын облусунда түнкүсүн +4… +9, күндүз +20…+25.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +27…+29 градус болот.