Connect with us

Сузак: жабыркагандарга президенттин фондунан 200 миң сомдон берилди

Кыска кабар | 3 Май 2024 | 201 | 0

Сузак районунда массалык манас айтуу учурунда жабыркаган балдардын ата-энелерине президенттин фондунан 200 миң сомдон берилди. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ата-энелер менен жолугушуу учурунда айтты.

Анын айтымында, оор жаракат алган балдардын үй-бүлөсүнө 200 миң сомдон берилген. Ал эми жеңил жаракат алган балдардын ата-энелерине 50 миң сомдон бөлүнгөн.

Ташиев ата-энелерге акча каражатын тапшырып, президент окуяны тыкыр көзөмөлдөп жатканын айтты. Ошондой эле жабыркаган балдардын абалына жараша аларды Бишкекке алып келип дарылоо маселеси дарыгерлердин чечимине жараша болорун билдирди.

Белгилей кетсек, Сузакта 2-майда жайлоодо массалык манас айтуу иш-чарасы учурунда жүк ташуучу унаа жайынан жүрүп кетип, 30 адамды тебелеп кеткен. Алардын ичинен учурда 20 бала ооруканада. Балдардын бешөөнүн абалы оор деп бааланып, жандандыруу бөлүмүндө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM