Марал Радиосу

Ташкентте Кыргызстандын элчилигинин жаңы имараты ачылды (сүрөт)

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Кыргызстандын элчилигинин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Имараттын ачылышына Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышты. Өкмөт башчылар элчиликтин короосуна арча көчөттөрүн отургузган.

Андан сырткары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жана кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелерин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Иш-чарага ошондой эле Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Түркия, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекеттеринин Өзбекстандагы элчилери, диаспоралар, этникалык кыргыздар жана жергиликтүү жашоочулар чакырылган. Келген коноктор үчүн атайын боз үй тигилип, кыргыздын меймандостугу көрсөтүлдү.

Өзбекстандын аймагына жылына кирип-чыккан Кыргызстан жарандарынын саны 1 миллиондон ашат, ал эми туруктуу жана убактылуу жашагандардын саны 6,5 миңдин тегереги. Мындан тышкары Өзбекстандын аймагында болжолдуу 400 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт.