Марал Радиосу

Өкмөттүк делегация Ташкенттеги Олимпиада шаарчасынын курулушу менен таанышты (сүрөт)

Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Өзбекстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Ташкент шаарында Олимпиада шаарчасынын курулуш долбоору менен таанышты.

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын башкы архитектору коштогон делегация мүчөлөрүнө Өзбекстандын ремьер-министри Абдулла Арипов тийиштүү кызматкерлери менен биргеликте курулуш долбоору тууралуу айтып беришти.

Маалыматка ылайык, Олимпиада шаарчасынын курулушу 2022-жылдын ноябрында башталган. Жалпы аянты 104 гектарды ээлеген шаарчанын суммасы 289 миллион доллардан ашат.

Белгилүү болгондой, 2025-жылы Азия оюндары жана жаштар арасындагы Азия Пара оюндары Ташкентте өтөт.

Кошумчалай кетсек, жумуш сапардын алкагында МинКаб Төрагасына “Янги Ташкент” долбоору тааныштырылды.

Exit mobile version