Марал Радиосу

Министрлик 5 бала реанимацияда экенин айтты

Саламаттык сактоо министрлигинин 3-майга карата билдирүүсүндө Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланып жатканы айтылды.

Бүгүн, 3-майда министр Алымкадыр Бейшеналиев Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына да катышты.

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында — 1, Сузак аймактык ооруканасында — 3, Октябрь ооруканасында – 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

Ведомстводон билдиргендей, саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар.

Учурда жабыркаган балдардын ата-энелери үчүн кризистик борбор уюштурулган. Аларга психологиялык жардам жана тамак-аш менен камсыздоо жагы каралган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кечээ, 2-майда массалык манас айтуу сынагына даярдык учурунда Хюндай портер үлгүсүндөгү унаа 29 баланы сүзүп кеткен.  Жабыркагандардын дээрлик баары 9-16 жаштагы окуучулар жана бири мугалим.

Массалык манас айтуу боюнча Билим берүү министрлиги сынак жарыялаган. Бул президенттин «Манас» эпосун даңазалоо жана аны жайылтууга байланыштуу жарлыгынын негизинде уюштурулган. Байге фонду 3 миллион сом деп белгиленген.