Марал Радиосу

ТИМ кыргыз жарандарын Орусияга киргизбей жатат деген маалымат боюнча билдирүү таратты

Кыргызстандын жарандарын массалык түрдө Орусияга киргизбей жаткандыгы тууралуу маалымат массалык маалымат каражаттарында жарыяланганына байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

«2-майга карата кыргыз жарандарын Орусиянын аймагына киргизбей жатканы тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жана консулдук мекемелерине келип түшкөн эмес. Ошол эле учурда министрлик бул жагдай боюнча мониторинг жүргүзүп жатат», — деп билдирүү таратты.

Ошону менен бирге министрлик Орусияга барууга жүйөлүү негиздери жок мекендештерге мурда киргизилген кошумча коопсуздук чаралары жана мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөл режими токтотулганга чейин анын аймагына баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт. Ал эми Орусияга баруу керек болсо, алдын ала бул өлкөгө кирүүгө чектөө бар же жок экендигин текшерүүнү дагы бир жолу сунуштайт.

Күтүүсүз кырдаал жаралган же шашылыш суроолор пайда болгон учурда Кыргызстандын жарандары Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылуусу зарыл: +7 925 115 50 47, ошондой эле министрликтин консулдук департаментине: +996 999 312 002 ыкчам байланыш телефондору аркылуу кайрылуусу керек.