Марал Радиосу

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан убактылуу четтетилди

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева билдирди.

Учурда билим берүү министри, саламаттык сактоо министри жана ички иштер министринин орун басары Сузакта окуучулар массалык кырсыкка кабылган окуя боюнча жеринде жүрөт.

Министр Догдургүл Кендирбаеванын айтымында, бүгүн, 3-майда өкмөттүк комиссия жыйынга чогулат. Анда шалаакылыкка жол берген тиешелүү жетекчилерге чара көрүү, жабыркаган окуучуларга медициналык жардам көрсөтүү, ата-энелерге психологиялык колдоо сыяктуу маселелер каралат.

Учурда жабыркаган балдардын ата-энелери үчүн кризистик борбор уюштурулган. Аларга психологиялык жардам жана тамак-аш менен камсыздоо жагы каралган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кечээ, 2-майда массалык манас айтуу сынагына даярдык учурунда Хюндай портер үлгүсүндөгү унаа 29 баланы сүзүп кеткен. Кырсыктын айынан 18 бала ооруканага жаткырылган, алардын ичинен жетөө реанимацияга түшкөнүн, үчөөнүн абалы оор экенин айтылган. Жабыркагандардын дээрлик баары 9-16 жаштагы окуучулар жана бири мугалим.

Массалык манас айтуу боюнча Билим берүү министрлиги сынак жарыялаган. Бул президенттин «Манас» эпосун даңазалоо жана аны жайылтууга байланыштуу жарлыгынын негизинде уюштурулган. Байге фонду 3 миллион сом деп белгиленген.