Марал Радиосу

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан жана Өзбекстан— Афганистан — Пакистан темир жолдорун куруу боюнча алдын ала иштер башталды. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн 2-майда III Ташкент эл аралык инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Анын пикиринде, бул стратегиялык долбоорлор аймактагы геоэкономикалык кырдаалды толугу менен өзгөртүп, Борбордук Азияны Түндүк менен Түштүктү, Чыгыш менен Батышты бириктирген глобалдык транзиттик борборго айлантат.

«Өзбекстан инвесторлорду жана эл аралык уюмдарды Улуу Жибек жолун заманбап негизде калыбына келтирүү боюнча бул ири аймактык долбоорлорго катышууга чакырат», — деди өзбек лидери.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Элдик курултайда темир жолдун курулушу 2024-жылы башталарын айткан.