Марал Радиосу

Финсабатка саякат: каржылык планды туура түзүп, үй алса болот

Бакубат жашоо – акчаны сарамжалдуу пайдалануудан башталат. “Финсабатка саякат” подкасты менен каржылык сабаттуулугуңузду арттырып, акчага туура мамиле жасаганды, сарамжалдуу болгонду, акча топтоо маданиятын калыптандырууну чогуу үйрөнөлү. 

Марал радиосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын биргелешкен долбоору “Финсабатка саякат” подкасты.

Акыркы мезгилде өлкөдө каражатты той-топурга же башка көңүл ачуучу салтанаттарга жумшоонун ордуна үй алууга же ушул сыяктуу пайдалуу жактарга сарптаган жаштардын саны көбөйүүдө.

Алардын бири Чолпон Бейшен кызы 4 жыл мурун жолдошу менен Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алышкан. Айтуусунда, ай сайын батирге акча жумшоонун ордуна, ипотеканы төлөөнү туура көрүшкөн.

Ал мындай чечимге келүүдө каржылык жактан аз болсо да билим алуу себеп болгонун белгиледи.

«Мамлекеттик ипотекалык компаниядан 4 жыл мурун үй алганбыз. Ата-энелерибизди кыйнабай, өзүбүз үй алалы деп чечтик. Буга каржылык сабаттуулуктун пайдасы тийди. Ипотекага үй алуу үчүн биринчи төлөмгө акча жыйнаш керек. Экинчиден, акчаны батирдин акысына бергенден көрө, өзүбүзгө жумшайлы деген план болгон. Бүгүнкү күндө аны төлөп бүтө элекпиз. 15 жылга алганбыз. Эртерээк жаап салганга мүмкүнчүлүгүз болгон. Бирок биз андан баш тарттык. Себеби буга дагы каржылык билимибиз таасир этти. Бүгүнкү күндө ипотеканы сом менен төлөйбүз. Анан кийин инфляция деген да бар. Ошондуктан ипотеканы толук төлөөдөн баш тартып, ал каражатты башка жакка салууну пландап жатабыз. Бишкекте турак-жай маселеси аябай курч бойдон турат. Мамлекет бул тармакты көп жылдан бери колго алган эмес. Акыркы 10 жылдан бери эми ипотекалык насыялар берилип баштады. Бирок бул дагы аз. Күнүмдүк акчага эмес, келечектүү пландарга көбүрөөк үй-бүлө бюджетин бекитип ошол жакка жумшап, күнүмдүк чыгымдарды кыскартып турса болот».

Бүгүнкү күндө өлкөдө насыя алгандардын саны көбөйүүдө. Анын ичинде насыяны күнүмдүк керектөөлөргө жумшагандар арбын.

Улуттук статистка комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда насыя алгандардын саны 10 пайызга өстү. Өткөн жылы 740 миңге жакын адам микрокредиттик компаниялардан 51 млрд сом насыя алган. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 10 пайызга өсүп, берилген насыялардын суммасы 29,5% көбөйдү. Насыя алгандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад облустарында.

Расмий маалыматтар боюнча, насыянын 48%ы турмуштук керектөөгө, 23%га жакыны айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%ы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5,5%ы курулушка алынган.

Кыргызстанда керектөө насыяларын той-топур өткөрүү үчүн алгандар да көп.

Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын каржылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиевдин айтымында, каражат топтоо үчүн негизи ар бир адам же үй-бүлө бюджет жүргүзүп, кирешени туура пайдаланса – каражат топтоого мүмкүнчүлүгү болот.

Ал үй алуу адамдын жашоосунда эң эле ири сатып алуу болуп эсептелинерин, андыктан бул маселеде финансылык пландоо, каражат топтоо керектигин белгиледи.

«Үй алуу адамдын жашоосунда эң эле ири сатып алуу болуп эсептелинет болуш керек. Андыктан бул маселеде финансылык пландоо, каражат топтооо керек. Финансылык сабаттулук көз карашынан кылдарды финансылык максатка айландырыш керек. Тагыраак айтканда анын баасы жана мөөнөтү так болуш керек. Демек, үй алууда финансылык сабаттулуктун жардамы өтө маанилүү болот. Сиз кандай үй алгыңыз келет ошону тактап алуу менен сиз анын баасын аныктай аласыз. Мисалы, канча бөлмөлүү, сериясы, жаңы / эски үйбү, кайсы райондо, этаж жана башка өзгөчүлүктөргө байланыштуу баасы дагы башкача болот. Баасын аныктагандан кийин мөөнөтүн аныкташыңыз керек анткени сиз ай сайын канча сумма чолултаарын аныктап алып ага жараша каражат топтошуңуз керек болот».

Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиев үй алуу үчүн каражат топтоонун жол-жобосун айтып берди.

«Каражат топтоо үчүн негизи ар бир адам же үй-бүлө бюджет жүргүзүп, кирешени туура пайдаланса – каражат топтоого мүмкүнчүлүк болот. Кирешени туура пайдалануу дегенде, мисалы, сатып алууларды ойлонуп жүргүзүү, керектүү жана керексиз нерселерди айырмалоо, бааларды салыштыруу ыкмалары кирет. Буга кошумча, топтолгон каражатты сактоо керек, аздан болсо дагы, тобокелдиги төмөн жана стабилдүү киреше алып келген финансылык инструменттерге инвестиция кылууну айтсак болот. Жыйынтыгында сиз ай сайын канча каражат топтолоорун аныктай аласыз».

Муну менен катар Улуттук банктын адиси Кубаныч Мусуралиев үйдү алууга керектүү сумманы чогултууга көп убакыт кетерин белгилеп, үйдү ипотекага алуу жолун сунуштады.

«Албетте, үйдү алууга керектүү сумманы чолултуу көп убакыт алышы мүмкун. Ошол эле учурда үйдүн баасы да жогорулап кетиши мүмкүн. Андыктан үйдү ипотекага алуу жолун да караштырса болот. Ипотеканын чоң артыкчылыгы ал жерде дароо эле жашап ай сайын төлөп аягында үйлүү болуп калууда. Ипотеканы мамлекеттик ипотекалык компаниядан алса болот. Ай сайын төлөмдөр суммага, пайыздык чен жана мөөнөткө жараша эсептелинет. Мисалы, сиз 15-жылга 8% менен 3.5 млн сом ипотека алсаңыз, ай сайын 33 543 сом төлөшүңүз керек болот, 6% менен алсаңыз – 29 619, ал эми 4% менен алсаңыз – 25 963 сом. Кошумча нерсе, ипотека алууда баштапкы төгүм дагы талап кылынат, аз дегенде ипотеканын суммасынан 10% төгүш керек. Ал акчаны чоглуштуш үчүн өйдөдө айтып кеткендей каражат топтоо ыкмаларын колдонуу керек».

Мамлекеттик ипотека компаниясынын стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов мамлекеттик ипотеканы кимдер, кантип, кандай шартта алса боло турганын айтып берди.

Компаниянын учурдагы иштөө тартиби кандай?

Мамлекеттик ипотека компаниясы түптөлгөндө банктар аркылуу иштөө механизми киргизилген. Башында 14% болчу, 2021-жылдан бери 4%дан бериле баштады. 2023-жылдан бери банктан кетип, ипотекалык компания курган үйлөрдү түзмө-түз сатуу механизмине өтүп жатат. Жарандар үйдүн курулушу башталганда бир аз суммасын төлөй баштайт. Ал эми калганын мамлекеттик ипотекалык компания 15 жылга чейин насыя катары бүтүрүп берет. Сегиз жылдын аралыгында 9 миң 400 жаранга үй берилген.

Кайсы жактан жана кимдер алса болот?

Ушул убакка чейин кезекте турган жана кезекке тура элек жарандар ала алат. Алар эч бир жерге барбай эле компаниянын расмий сайты аркылуу арыз жазса болот. Кандайдыр бир кыйынчылык жаралса, ар бир райондо, ар бир шаарда жооптуу кызматкерлер бар. Ошондой эле турак жай ала турган адамдын үйү жок болушу керек. Биздин максат: турагы жок адамдарды үй менен камсыз кылуу. Ала турган адам 21 жаштан 70 жашка чейин болушу шарт.

Ипотекалык үйлөр кайсы жерлерге курулат?

Жарлыка байланыштуу бир айдын ичинде мамлекеттин каттоосунда турган жерлерди ипотекалык компанияга өткөзүп бергенден кийин курулуш башталат. Үйлөр бардык аймактарда курулат. Биринчи облустук, райондук борборлордо, андан кийин гана айыл жерлеринде курула баштайт. Башталышта үйдүн ээси катары ипотекалык компания эсептелет да, турак жайга жашап жаткан жаран үчүн жооптуу болот. Сатып алуу суммасы толук төлөнүп бүткөндөн кийин үй жаранга өткөрүлүп берилет.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка өткөн айда кол койгон.

Мамлекет башчы бул жаатта суроолор болсо, Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылууга чакырган.

 

Exit mobile version