Бишкектеги курулуш компаниялары 29-апрелге чейин өз объекттерине атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жууган пункттарды орнотууга милдеттендирилген.
Мэриядан билдиришкендей, буйрукту аткарбагындыгы үчүн беш компаниянын объектилеринде курулуш иши токтотулду.
— Буденный көчөсү, 164 дарегиндеги «Гарант Строй Инвест» ЖЧКсы;
— Кийизбаев көчөсү, 24 дарегиндеги «Эмаком» ЖЧКсы;
— Кара-Көл көчөсү, 1 дарегиндеги «О2 Development» ЖЧКсы;
— Ауезов көчөсү, 5/2 дарегиндеги «МакроГрупп» ЖЧКсы;
-Скрябин көчөсү, 45А дарегиндеги «Аманат Групп Инвест» ЖЧКсы.
«Аманат Групп Инвест» ЖЧКсы атайын пунктарды орнотуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Рейддик иш-чаралар улантылат. Буга чейин борбордогу курулуш компанияларына 61 жазма буйрук берилген”, — деп айтылат маалыматта.