Марал Радиосу

Аба ырайы: Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу автожолдордо кар жаап, тоңголок болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөшү, экинчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 16…18 градус болот.