Марал Радиосу

Футзал: Кыргызстандык футзалчылар Вьетнамдын командасын жеңди

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Таиланддын борбору Банкок шаарында өтүп жаткан  Азия кубогунда 5-орун үчүн беттеште Вьетнам курама командасын 3:2 эсебинде жеңди.

Вьетнамдын курама командасы буга чейин Өзбекстанга утулуп калган.  Кыргызстандык команда чейрек финалда Иранга 1:6 эсебинде жеңилген.

Бүгүнкү турнирде чейрек финалда  Кыргызстан,Вьетнам, Ооганстан, Ирактын футзал боюнча командалары оюн өткөрдү.

Ооганстандын курама командасы Ирактык оюнчуларды  5-3 эсебинде жеңди.

Жолдомо үчун чечүүчү беттеш 28-апрелде Кыргызстандын курама командасы  Ооганстандын командасы менен ойнойт.

Жеңүүчү аталган команда дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат.