Марал Радиосу

ӨКМ: Нарын районунда да сел жүрдү

Нарын облусунун Нарын районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, саат 9:30 чамасында Учкун айыл аймагынын Куланак айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кур-Жылга коктусунан сел жүрүп, бир турак үйдүн короосун каптады.

Жериндеги кырдаалды билүү үчүн саат 9:50дө өздүк автоунаа менен райондун акиминин орун басары, ӨКМдин Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жерине чыгып кетишти. Жүргөн сел тууралуу кошумча маалымат берилет.