Марал Радиосу

Электромобилдерди пайдаланууда жеңилдик берген мыйзам кабыл алынды

“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамдарга президент Садыр Жапаров кол койду. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 14-мартында  кабыл алынган.

Мыйзамда электр кыймылдаткычтары бар дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын пайдаланууда жеңилдиктерди берүү жана электр менен жүрүүчү транспорт каражаттарын заряддоо инфраструктурасын түзүү каралган.

Ошондой эле, мамлекеттик каттоодо электромобилдерге атайын жашыл мамлекеттик каттоо белгилерин берүү киргизилген.