Марал Радиосу

Монголияда Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп ачылат

Монголияда Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп ачуу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстан менен Монголиянын парламент депутаттарынын Улан-Батордогу жолугушуусунда белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улан-Батордогу көчөлөрдүн бирине Манастын ысымын ыйгарууну жана кыргыз эпосундагы баатырдын эстелигин орнотууну сунуштады.

Монголиянын улуу мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар демилге караларын белгиледи. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө Монголиянын борборунун көчөлөрүнүн бирине Айтматовдун ысымын ыйгаруу маселеси каралып жатканын белгиледи.

23-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Монголия парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатар эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташуу боюнча комиссиянын регламентине кол коюшту.

Аталган документ парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган.