Марал Радиосу

Бишкектин айрым аймактарында эки күн газ болбойт

«Бишкекгаз» газ кызматы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын агышына байланыштуу оңдоо иштерин жүргүзөт.

Буга байланыштуу 24-апрелден 26-апрелге чейин М.Ганди көч., Тулебердиев көч., Манас көч., Васильев көчөсү кесилишкен аймактарда жаратылыш газы өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.