Марал Радиосу

Улуттук банк валюта базарынан 25 млн 850 миң доллар сатып алды

Кыргызстандын Улуттук банкы 25 млн 850 миң доллар сатып алды. Бул тууралуу Улуттук банк сайтына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, 16,5 млн доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен жана 9 млн 350 миң доллары бүтүм жасалган күндөн башка күнгө эсептешүүлөр менен сатып алынды.

Улуттук банк ушуну менен жыл башынан бери төртүнчү ирет интервенция жасап, доллар сатып алууда.

Бүгүн, 23-апрелге карата  доллардын сомго карата расмий курсу 89 жана 88,85 сомду түздү.

Улуттук банк 2023-жылы сомдун курсун бир калыпта кармоо үчүн 655,72 млн долларды соодалаганын кабарлаган.