Марал Радиосу

Футзал: Кыргызстандын командасы Корея менен ойнойт

Бүгүн, 22-апрелде Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Түштүк Кореянын командасы менен ойнойт. Азия кубогунун тайпалык этабынын финалдык оюну Таиланддын борбору Бангкокто өтөт.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Эки турдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасында 4 упай бар. Буга чейин  3:2 эсебинде Жапониянын курамасын жеңген жана Тажикстан менен 2:2 эсебинде тең чыккан.

Кореянын курама командасы эки жолку жеңилүүдөн кийин упай топтой алган эмес.

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы бүгүнкү оюнда жеңишке ээ болсо, чейрек  финалга чыгат.