Марал Радиосу

Бишкекте ишембиликке 30 миңден ашуун адам чыкты

Бишкек шаарында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калааны тазалоого 30 миңден ашык адам чыкты. Шаардыктар жана уюмдар тарабынан 934 түп көчөт отургузду.

Муниципалдык ишканалардан жана шаардык кызматтардан 98 атайын техника тартылды.

Белгилей кетсек, президенттин жарлыгынын алкагында жыл сайын сентябрдын үчүнчү ишембисинде жана апрелдин үчүнчү ишембисинде Улуттук тазалык күнү белгиленип келет.