Марал Радиосу

Өлкөгө Германиядан 17 автобус келди

Кыргызстанга Германиядан 17 автобус келди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.

Анын айтымында автобустар үч эшиктүү жана алар жүргүнчү ташууга ылайыкталган.

«Автобустар грант түрүндө, башкача айтканда, акысыз негизде берилди», — деди президенттин басма сөз катчысы.