Марал Радиосу

Иран ракеталык чабуул жасалганын четке какты, учкучсуз учактар атып түшүрүлдү

Иран бийлиги өлкөгө ракеталык чабуул жасалганы тууралуу маалыматты четке какты, бир нече учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнү кабарланды. Бул тууралуу BBC орус кызматы 19-апрелде жазды.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Ирандын борборундагы Исфахан шаарына жакын жерде жардыруу болгонун жана ар кайсы аймактарда абадан коргонуу операциялары болгонун кабарлашкан.

«Бир нече учкучсуз учактар ​​өлкөнүн абадан коргонуусу тарабынан ийгиликтүү атып түшүрүлдү, бирок ракеталык чабуул тууралуу азырынча маалымат жок», — деп жазды Ирандын Космос агенттигинин басма сөз катчысы Хоссейн Далириан X социалдык медиада.

FARS маалымат агенттиги мурдараак Исфахан эл аралык аэропортуна жакын Шекари аскерий авиабазасынын аймагында үч жардыруу болгонун кабарлаган.

Израил армиясынын өкүлү Франс Пресс агенттигине: «Бизде азырынча эч кандай комментарий жок деп билдирди.

Израилдин расмийлери буга чейин Иранга жооп кайтара аларын эскерткен.

Иран Израилге учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасады