Марал Радиосу

Казакстанга Кыргызстандан кезектеги гумжардам жеткирилди

Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын элине гуманитардык жардамдын экинчи бөлүгүн жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Кезектеги «Жардам кербени» жети жүк ташуучу унаадан туруп, дээрлик 150 тонна күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү азык-түлүк жеткирилген. Гумжардам Казакстандын Костанай, Актөбе, Орал жана Көлсары шаарларына жеткирилди.

Кыргызстан Казакстандын калкына 300 тонна гум жардамды 6-апрелде жиберген.