Марал Радиосу

Бир катар майрам күндөрү жумуш күнү деп бекитилет

Кыргызстанда Эмгек кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Жаңы Эмгек кодекси өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн демилгеси менен өзгөртүлгөнү кабарланды.

Кодекстин долбоору мамлекеттик органдардын, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын, Эл аралык эмгек уюмунун жана иш берүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуусунда иштелип чыккан.

Ага ылайык, бир катар майрам күндөрүн жумуш күнү деп бекитүү сунушу берилди.

Анын ичинде 23-февраль «Мекенди коргоочулардын күнү», 7-апрель «Элдик Апрель революциясынын күнү», 7-8-ноябрь «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү» мамлекеттик майрам деп белгиленет. Бирок бул күндөрү дем алыш болбойт.

Жумуш эмес майрам күндөрү: 8-март, 21-март, 5-май, 9-май жана 31-август.

Жаңы жылдык каникулдар: 1, 2, 3, 4, 5, 6-январь;

Май айындагы эс алуу күндөрү: 1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май;

Орозо айт жана Курман айтта да эс алуу болот.

Дем алыш күндөрүн которуунун ченеми жокко чыгарылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин сунушун министрлер кабинети колдоду, эми Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.