Марал Радиосу

УКМК Бишкекте пара талап кылууга шек саналган тергөөчүнү кармады

Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын иликтөө кызматынын тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен бирге А.Э.А аттуу тергөөчүнү 15-апрелде 180 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча кармады.

Кармалган тергөөчү Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.