Марал Радиосу

Баткенде 16 жаштагы кыз бычактан алган жараатынан каза болду

Баткенде 16 жаштагы кыз бычактан алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 15-апрелде 16 жаштагы К.А. аттуу кыз бычак менен эки жолу жараат алганы үчүн Баткен облустук борбордук ооруканасына түшкөн. Баткен райондук милициясы тергөөгө чейинки текшерүү ишин баштаган.

Учурда окуучунун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын жагдайын аныктоо максатында тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалар берилгени айтылды.