Марал Радиосу

Бишкек – Ош унаа жолуна таш түшүп, жол бир тараптуу жабылды

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда кар жаап жатканы, учурда жол тазаланып жатканы кабарланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Мындан тышкары, Бишкек-Ош жолунун 426-чакырымында тоо боорунан таш түшүп, жол бир тараптуу жабылды. Жеринде тиешелүү техникалар иштеп жатат.

Базар-Коргон-Арстанбап жана Кара-Жыгач-Сары-Челек жолунда сел жүрүп, тазалоо, калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.

Ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулар жанына керектүү шаймандарды алып жүрүшү керек.