Марал Радиосу

Кечинде «Ак-Тилек- автожол» өткөрүү пункту эки саатка жабылат

Бүгүн, 15-апрелде кыргы-казак чек арасындагы «Ак-Тилек- автожол» өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан кабарлашты.

Жүргүзүлүп жаткан техникалык иштерге байланыштуу кечки саат 18:00дөн 20:00гө чейин мамлекеттик чек арадан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.