Марал Радиосу

Азия чемпионаты: Акжол Махмудов финалга чыкты, үч балбан коло үчүн күрөшөт

77kg GR - Akzhol Makhmudov (KGZ) df. Nao Kusaka (JPN)

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын мүчөсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Акжол Махмудов 77 кг чейинки салмакта катышып жатат. Чейрек финалда 2023-жылдын Азия чемпиону казакстандык Ибрагим Магомадовдон 1:3 эсеби менен артта калып келе жатып, эсепти 3:3 кылып теңеп жеңишке жетти. Ал эми жарым финалда ирандык 21 жаштагы Амир Али Абдини мөөнөтүнөн мурда 11:2 эсебинде жеңип финалга жолдомо алды.

Алтын медаль үчүн беттеште Жапониянын балбаны Нао Кусака менен күч сынашат.

Мындан тышкары грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Улан Муратбек уулу, Атабек Азисбеков жана Эрлан Манатбековдор коло байге үчүн ат салышат.

55 кг чейинки салмакта Улан Муратбек уулу  Эми 3-орун үчүн өзбекстандык Жасурбек Ортикбоев менен күч сынашат.

87 кг чейинки салмакта Атабек Азисбеков коло байге үчүн беттешин япониялык Масато Суми аттуу балбан менен өткөрөт.

Ал эми 130 кг чейинки салмак ченинде Эрлан Манатбеков Исломжон Рахматов аттуу өзбек балбаны менен күрөшөт.