Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймактары боюнча жыйын өттү

Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун  жыйыны өттү.

Министрлер кабинети чек ара боюнча жыйын 7-апрелден 13-апрелге чейин болгонун кабарлады. Бул жолугушуунун алкагында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймактары боюнча биргелешип изилдөө иштерин жүргүздү.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды тактоо боюнча ишти улантат.