Марал Радиосу

Бишкекте «Жамийла» биринчи улуттук мюзикли тартууланды

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Жамийла» биринчи улуттук мюзикли тартууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мюзикл жети күн катары менен коюлат — 12-13-14-15-16-17-апрель күндөрү.

«Жамийла» мюзикли – бул оригиналдуу автордук музыка, поэзия, видео контент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыздын салттуу маданияты, тарыхый кийимдери, фольклору, хореография, вокал айкалышкан көркөм оюн.